Размер
Чечен айтыш. (Залкарлар жөнүндө)
Play

Чечен айтыш. (Залкарлар жөнүндө)

Элибиздин тарыхына назар салсак, абалкы кылымдардан бери эле Манастын доорунда Ажыбай, Байжигит, ХIV-ХV кылымдардагы Жээренче чечен, Алдар Көсө, Акыл Карачач, ХVII-ХХ кылымдар аралыгында жашаган Карга, Сарт, Мойту, Тилекмат, Садыр, Кыдыр акелер, Калыгул, Көкөтөй, Куйручук ж. б. окшогон чечендерибиздин жашап өткөндүгү белгилүү. Акындар чыгармачылыгында болсун, дегеле чечендик айтыштын башаты ошол жактан келет, бул биринчиден. Экинчиден, сөзгө чеберчилик - айтышка түшчү ырчынын негизги касиети, б. а. айтышка түшчү ырчыда чечендик чеберчилик кайсы бир өлчөмдө болбой койбойт. Натыйжада, айтыштын дээрлик түрлөрүндө чечендик ыкма менен кеткен суроо-жооптор, так кесе айтылган учкул тизмектер арбын учурайт. Ошол эле учурда, нукура чечендик мүнөздөгү айтыштар бар.

А.Обозканов, филология илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти

Ырчылардын айтыш өнөрүндө "чечендик айтыш" деп атайы бөлүнүп көрсөтүлбөгөнү менен, айтыша келгенде шыдыр жооп таба билген чечендик сапат ырчылардагы негизги артыкчылык катары каралат. Фольклорист С. Закиров "акындын чечени айтыштарда жеңилбегендигин" айтат. Эл шайырларынын чыгармачылыгы муну өзү күбөлөп турат. Айтылуу эл шайыры Куйручукта куудулдук, ырчылык, сынчылык менен катар чечендик өнөрүнүн да зор болгондугу маалым. 1916-жылкы кандуу "Үркүндө" кашкарлык каарлуу манап Түкбашка так кесе кайтарган жообу анын кадиксиз чечен, ак-караны таасын ажырата билген даанышман адам экендигин ынанымдуу далилдейт. Ошол айтышты мисалга тартып көрөлү. Ал жактагы элге алынып кеткен Куйручукту көп жактыра бербеген Түкбаш: Кулагы жок - чунак Куйручук! Куйругу жок - чолок Куйручук! Өйдө чыкса - өбөксүз Куйручук! Ылдый түшсө - жөлөксүз Куйручук! Арка кылар элиң кайда? Азык берер жериң кайда? - деп басынта жекиргенде Куйручук: Куйругум чолок болсо - тулпар чыгармын. Кулагым чунак болсо - шумкар чыгармын. Куйругу узунду - ит дейбиз. Кулагы узунду - эшек дейбиз. Өбөксүз өйдө чыксам - жүрөгүм таза. Жөлөксүз ылдый түшсөм - жүлүнүм таза. Өбөк коюп өйдө чыкканды - оору дейбиз. Жөлөк кылып таяк алганды - ууру дейбиз. Арып-ачып алыстан келдим - Арка болчу эл ушул. Тентип-тербип тегимден келдим - Тээк болчу жер ушул. Көпсүнгөнгө - көр бар, көп ичинен бөлүнөт. Өйдөсүнгөнгө - өр бар, өбөктөйт да жүгүнөт. Жалгыз десең, күнгө тилиң тийгени - жарык берген дүйнөгө. Жарды десең, айга тилиң тийгени - шоола чачкан түнүндө - деп Түкбаштын жаагын жап кылат. Мында, ириде мүнөздөр менен антипод келген мүнөздөрдүн кармашы жүрөт. Ал эми Түкбаштын берген соболунда - кекээр, какшык, менменсингендик турса, Куйручукта өзүнө ишенген - чечкиндүүлүк, жүгүрүк ойчулдук, көздүн карашынан дароо жыйынтык чыгарган - кыраакылык ачык байкалат. Табышмактуу айтылган какшык сөздүн тутумунда чечмелеп алчу көптөгөн маани, аябагандай заар кемсинтүү жатат. Куйручук адам оюн айтылар замат байкаган, алысты көрө билген акылман үчүн кеп төркүнүн дароо түшүнүп, ар тизмекти оң-терс кылып, эки мааниде жиктейт. 1. Куйругум чолок болсо - тулпар чыгармын. Бул жообу. 2. Куйругуузундуитдейбиз.Бул,Түкбаштыиткетеңеген какшыгы. 1. Кулагым чунак болсо - шумкар чыгармын. Жооп. 2. Кулагы узунду эшек дейбиз. Атайы теңөө, салыштыруу. Кийинки эки тизмек да ушундай талданат. Чечендик тил өнөрүнүн бийик үлгүсү катары эсептелет. Ошондуктан ырчылык өнөрдө ал чоң мааниге ээ. Чечендик айтышта чечендик менен айтылган сөзгө ошондой чечендик менен жооп кайтаруунун өзү ашкан чеберчиликти талап кылат. Ал эми, ар бир сөздүн дароо түз тийчү жана кыйыр жетчү маанисин акылмандар гана ажыратат. "Сөздү сөз келгенде сүйлөбөсө атасы өлөт" дегендей, Куйручук ушул жерден айтыштын экинчи этабына өтүп, Түкбаштын төрт амалын түгөтүп, эл алдында шермендесин чыгаруу үчүн анын "арка кылар элиң жок", "өбөксүз", "жөлөксүз", демек - жалгызсың, жармачсың дегендей кемсинтүүсүнө жооп кылып: Көпсүнгөнгө - көр бар, көп ичинен бөлүнөт. Өйдөсүнгөнгө - өр бар, өбөктөйт да жүгүнөт - деп "Түбөлүктүү нерсе жок, жандуулар түгүл жансыздар да улам бирине бири ордун бошотуп, демек баары өзгөрөт, жаңырат" деген турмуштун бузулгус диалектикасын айтып келип: Жалгыз десең, күнгө тилиң тийгени - Жарык берген дүйнөгө. Жарды десең, айга тилиң тийгени - Шоола чачкан түнүндө - деп ай, күн, жер, асман, б. а. аалам алкагына экскурс жасап, адам мүнөздөрүндөгү өзгөчөлүктөрдү терең ажырата талдап, ошол эле учурда бийиктик менен пастыктын, акылмандык менен дөдөйлүктүн, чындык менен калпыстыктын, менменсингендик менен жөнөкөйлүктүн эмне экендигин чечендик өнөрүнө салып, элге түшүнүктүү кылып жөнөкөйлөштүрө чечмелеп чыгат. Муну кайтарылган жоопторунун төптүгү, сөздөрүнүн коргошундай салмактуулугу, тереңдиги, ары учкулдугу, ой корутундуларынын логикалык тактыгы менен өздүк чеберчиликке ээ "чечендик айтыштын" классикалык үлгүлөрүнүн бири деп эсептегенибиз адилеттикке жатат. Ырчылар чыгармачылыгында бардык тарабынан жетик чыккан айрыкча даңазалуу айтыштардын бири "Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы". Бул айтыш эки ырчынын тең өнөр жарышына болгон анык чеберчиликтерин көрсөтүп, айтыштын көп кырлуу талабына толук жооп берип, чечекейдей так кеселиги, далилдүүлүгү менен айырмаланып чечендик мүнөзгө ээ. Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болуп, той ээси Ташкара Аксыдан келген Жеңижоктун талантына багынып, жарчылыкка ошону коёт. Буга, "казак акыны Майкөт экөөбүз жарчылыкты алабыз" деп турган айтылуу ырчы Эсенаман нааразы болуп калат. Муну уккан Жеңижок "жарчы болом" деп суранбагандыгын айтып эки ырчынын алдынан өтүп, кечирим сурап коюуну ойлоп, алар олтурган өргөөгө кирип, эл менен саламдашып, эки ырчынын ортосунан орун алат. Женижокту Ташкара өзү коштоп барат. Майкөт шектенгендей: "Ойбай, Таскара, мынау балаң эсиктен кирип өр таласты, өрдөн соң төр таласты, сумдук гой, жайын айтшы?" - дейт. Ташкара тааныштыргандан кийин Майкөт: - Кана, Жеңижок карагым, сөзүң болсо такалмай сөйлөй отыр, шамаң жетсе Эсенаман экемизди кабаты менен жөйлөй отыр" - дейт. Жеңижок комузун күүлөп ырдайын дегенде кылы үзүлүп калат. Ушуну эле күтүп тургансып, жаалы келип араң турган Эсенаман жаш ырчыны ого бетер жүдөтүп, кордоп ырдап, экинчи ооз ачкыс кылайын деп бар күчүн жыйнап сөздү алыстан таштап айтышты баштап калат: - Аманбы балам, Жеңижок? Абаңдын сенден кеми жок. Ак калпактуу кыргызда, Айтышарга теңи жок. Аламан ырчы көп жүрөт. Алты ооз кепке эби жок. "Карылардан кеп уктум, ушул таластык экенсиң", бирок тегиңи таппай тентип кеткен "тексиз", таалайың тайкы тура дегендей кордоп: Алты уруу Солду унутуп, Кайда бардың, Жеңижок? Алымы жок жат өскөн, Жайга бардың, Жеңижок. Алда кимден туулду деп, Атасыз, тексиз, кулбу деп, Ар ким айтып артыңдан, Айың, ушак кеп кылат. Азапка салып жаныңды, Акыры сени жеп тынат. Өзүнө теңебей, "санда жок" деп эркинче басынтат: Сайратсам кызыл тилим бар, Салпайбай балам тилимди ал. Санда жок сендей ырчыны, Сандалтып кубар жөнүм бар. Бул айтышта бирин бири ар кыл абалга капталткан психологиялык мерчемдер жыш. Чынында эле, ал учурда Эсенаман Арстанбек айткандай "жомоктун молдосу, айтыштын жоргосу, нуска сөзгө нар, казакча да эркин ырдаган" даңазалуу ырчылардын бири болгон. Анын күчү, өнөрүнүн диапазону ушул айтышында да сезилип турат. Ошол себептүү, ал эргип ырдап баратып эмоцияга алдырып, алдын ала "жеңдим" деп жыйынтык чыгарат: Таамай элдин ичинде Таптымбы балам, эбиңди. Кыйынсынган Жеңижок, Карыган чалдан жеңилди. Мындан соң, Эсенаман "алдыбыздан өтүп, таазим кылышың керек" деген ойду айтып, өзүн ар нерсеге теңеп, кыйынсынууга өтөт: Эргип-эргип жүгүрүп, Эликтей буту бүгүлүп, Эңиштүү жерден сүрүлүп, Эсекең келди, жол бергин! Эсилиң Майкөт пириңе, Эңкейип барып кол бергин! Тааныбасаң карагым, Таанытайын пириңди. Каяша кылсаң кайрылып, Кагайын болгон жиниңди. Көпчүлүк элдин кезүнчө, Балам, кескендей кылам тилиңди!.. Шишеси болом арактын. Асылы болом жылкынын. Артыгы болом ырчынын. Эсенамандын ыры өз күчүнө ишенген өктөм менменсинүү менен салмактуу башталып, урунттуу көп маселелерди камтыган олуттуулугу менен олтургандарды ойго салып, айрыкча Жеңижокту жерине жеткире талдап, сындап, колунан келишинче кордоп, кандай салмактуу башталса, ошол күүсүнөн жазбай соңуна чыгат. "Эсенаман ырын токтотуп жай олтурат. Элдин баары тунжурап, бир да киши сүйлөбөй калат. Ошондо бир аксакал Жеңижокту карап: "Балам, Жеңижок, айтар деле сөз калган жок, бардыгын Эсекең айтып бүттү. Эсекеңе каяша айтам деп каарына калып, назарыңды сындырып, өзүндү өзүң аксатып албагын" - деди. Атаганат дечи. Мында, бир жерлик эки ырчынын бирин өз жеринде алчактатып, ошол себептүү чоң сүйлөтө, кыйынсынткан, экинчисин өкүндүрүп, ойго салган тагдырдын жазмышынан улам Жеңижокту тирүүлөй корунткан, анын жан дүйнөсүндө айтылуу Алманбеттин арманындай чоң арман булгуп жатат. Ушул арман, ушул кордоо Жеңижокту өлчөөсүз өкүндүргөн, бетин албыртып уялткан, чыдатпай тынчсызданткан психологиялык оор абалга мажбур кылганын байкоого болот. Бул жерде мына ушундай жагдай, шарт, психологиялык чыңалууларды сөзсүз эске алуу керек. Элдин тунжурап калганы баарын камтыган мазмундуу ырдын, алп өнөрдүн күчү. Аксакалдын Жеңижокко айткан кеңешинде өнөргө арбалган ошол сыйкырдуу күчтүн жетегинен келип чыккан көпчүлүктүн пикири жатат. Ушул сүр, ушул оор жагдай "эмне кылсам?" дедиртип, Жеңижокту кыйла беймазалуу ойго капталтканы ачык көрүнүп турат. Чынында эле эмне кылуу керек? Таптакыр жооп бербей коюу чоң ырчы үчүн өлүмгө барабар. Айтылчу сөздү, козгочу ойду, ал түгүл өзүнүн ким экендигине чейин бышыктап Эсенаман айтып салды. Эгер өнөрү Эсенамандыкынан өйдө турса, анын бардык айткандарына жүйөөсүн таап жооп бере алса, беттешүү керек! Бирок беттешүүнү баштаганда Эсенаманды кайта оодарып кетиш үчүн эмнени илинчек кылып алат. Кеп ошондо. Мындай психикалык оор абалга кептелип турганыңды көптү көргөн кыраакы, сезимтал адамдар гана дароо байкайт. Анда Майкөт акын: "Олай эмес, кария Эсекең картайып калганбы, көп жаңылыстыктарды кетирди. Эсендин катесин тауп айтсаң, жеңетин кесек сеники, токтолмай сок, карагым Жеңижок" - деп обдулуп койду. Жеңижок көп ойлонуп турбай эле: "Чын эмеспи, бардыгын жайгаштырып салып, Майкөттү олуя, мазар, пир кылып мени сыйынтып жатпайбы. Эсенаманды олуясына кошоктоп алып, жылаңачтап тозокту карай айдап жөнөйүн" деп ырдап турган жери. Кээде, драмалуу жагдайды күтүүсүз өзгөртүп кеткен мерчемдер болот. Эгерде, Майкөт акын ушул таптагы маанилүү, ак сөзүн айтып, Жеңижоктун жооп кайтаруусуна шыкак болуп бербегенде окуя эмне менен бүтмөк, аны божомолдоп айтуу кыйын. Жеңижок жаш болгон менен турмуштун кыйынчылыгына бышкан, адам мүнөздөрүнүн оң-терс жактарын, дүйнөнүн ак-карасын мыкты ажырата билген диний түшүнүгү кенен, эң негизгиси зээндүү төкмө үчүн ырын тээ тереңден баштайт: Эң биринчи дүйнөгө, Нур жараткан эмеспи. Он сегиз миң ааламды, Бир жараткан эмеспи. Суук кыштын булутун, Сур жараткан эмеспи. Эмгексизди энчиден, Кур жараткан эмеспи. Аалам жашап турсун деп, Күн жараткан эмеспи. Алмаштырып Күн менен, Түн жараткан эмеспи. Айтыштын шартын да мыкты түшүнөт: Эми, өрдөктөй учуп келейин, Өзүмдөн кабар берейин. Өзүңөр байкап көргүлө, Өнөрүм ашса жеңейин. Өнөрүм сенден кем болсо, Өлөрман экен дебегин. Өзүнүн туулуп-өскөн эли-жери туурасында айтып келип, Эсенамандын кордоосуна жооп кылат: Арка кылар ага жок, Азып кеттим Аксыга. Каралап баргам ал жерге, Таякемди-тагамды. Арка кылып эркелеп, Ата-эне кылдым аларды. Туурлай турган жер болсо, Эсеке, туугандан качып барамбы? "Баркыңды билбейт" деп айтып, Басынткансып сүйлөдүң. Бардык эл сыйлап, баркташат, Баамды чалым билбедиң. Эсенамандын Жеңижокту беттөөсү кудум театр сценасындай, 1-көшөгөсү: Саламдашуу; 2-көшөгөсү: Кордоо; 3-көшөгөсү: Басынтуу; 4-көшөгөсү: Кыйынсынуудан, б. а. төрт бөлүктөн турат. Эсенаман Жеңижокту баш көтөргүс кылып басынтып ырдайм деп, озунуп тийишип алып, эки чоң каталыкка жол берет. Биринчиси, атаандашын эркинче кордоп, өз зоболосун көкөлөтүп мактануусу. Экинчиси, казак акыны Майкөттү пир кылып көрсөтүүсү. Жеңижок муну өзү да сезип атпайбы. Ага кармоо үчүн иличек болуп берчү ушул эки түйүн. Эми ошолордун жообун салыштыралы: 1. Шишеси болсоң арактын, Мас адам сени сыйлайбы? Таамайлап кармап мойнуңдан, Ташка чаап урбайбы. Тамтыгы кетип быркырап, Талкаланып сынбайбы. Койкойгон мойнуң жоголуп, Кокуй чал жаның тынбайбы? Асылы болсоң жылкынын, Алкынтып топко минбейби? Акыны болсоң ырчынын, Алжыган сөздү сүйлөйбү? 2. Билбей жүргөн экенсиң, Пирдин кандай экенин. Айтып берсин толуктап, Арсыз Майкөт эшениң. Жети атамды, бүт билем Жерим Талас экенин. Аксыга жүр мен менен, Айыкканча кеселиң. Соолугуп келгин дартыңдан, Сооп үчүн ала кетемин. Жеңижок "чиеленген жиптей" болгон ой түрмөктөрүн бүт өз ирети, орду менен чечмелеп жандырып, Эсенаманга Майкөттү коштоп экөөнү бирдей жарга такап, бүт дасмиясын көрсөтө, чечиндирип барып жеңет. Жеңижоктун айтышка кылган мамилесинен кандай өзгөчөлүктү байкоого болот. Биринчиден, ал айтышты дайыма тээ тереңден баштайт. Ал ааламды алаканына салып көрүп алгандай ырдаган тубаса билимдүү, акылы тунук, сезимтал, баамчыл, жүгүрүк ойчул, өзгөчө артыкчылыктары бар алп ырчы. Экинчиден, атаандашы ага мейли, канча суроолорду узатпасын, (бул айтышта Эсенамандын жыйырмадан ашык теңөө, салыштырууларын талдайт) эч тайгылбай эркин чечмелеп кетүүгө дайым даяр турган, чечендиги бар ырчы. Анын айтыш өнөрүндөгү балбандыгын ушул айтышынан эле билип койсо болот.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎